Abank
SerepTV Logo

Лейлекте ооруканадан чыккан жаран үйү тонолгонун билген. Шектүү катары 2 өспүрүм кармалды

Лейлекте ооруканадан чыккан жаран үйү тонолгонун билген. Шектүү катары 2 өспүрүм кармалды
Лейлек районунда балдар тарабынан акча уурдалган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну ооруканадан дарыланып үйүнө келсе, белгисиз жарандар тарабынан үйүндөгү 40 миң сом акчасы жана азык-түлүктөрү уурдалгандыгын билдирип, арыз менен кайрылган. Бул факты Лейлек РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, Лейлек РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан ошол эле айылдын жашы жете элек эки бала аныкталып, кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.