Royal
SerepTV Logo

Лейлекте чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Лейлекте чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды
Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш ишинин негизинде милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада жергиликтүү тургун 1973-жылы туулган жаранды кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.