Кызына кошунасы сексуалдык ыдык көрсөтүп жатканын айткан аял. Иш сотко өттү
Сокулук районунда жашы жете элек кызга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ушул жылдын 6-февралында Сокулук РИИБге аял киши кайрылып, кошунасына чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, кошунасы жашы жете элек кызына 2022-жылдын декабрь айынан тарта ыдык көрсөтүп келгенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Соттун чечими менен камактагы мөөнөтү узартылган. Кылмыш иш Сокулук райондук сотуна жөнөтүлдү.