Royal
SerepTV Logo

Кызыл-Кыядагы базарда 10 жаран жаш балдары менен тилемчилик кылып жүрүшкөн (сүрөт)

Кызыл-Кыядагы базарда 10 жаран жаш балдары менен тилемчилик кылып жүрүшкөн (сүрөт)
Кызыл-Кыяда “өспүрүм-тилемчи” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысынын демилгеси менен 10-11-август күндөрү балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жайкы каникул убагында кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “өспүрүм-тилемчи” аталыштагы иш-чара өткөргөн. "Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарын текшерүүгө алганда Ош шаарынан келген лөлү улутундагы 10 жаран жаш балдары менен кайыр-тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайрадан жашаган жерине жөнөтүлдү. Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдарды кароосуз калтырган 3 факты аныкталып, укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде ата-энелерине протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды",- деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" jnewsslider="true" size="full" columns="1" ids="131237,131238"]