Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанга жакын жерде эки жолу жер титиреди

Кыргызстанга жакын жерде эки жолу жер титиреди

23-февралда таңкы саат 06:37де Тажикстанда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болгонун Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунан билдиришти.

Борбордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Мургаб аймагына туура келген. Жер титирөө Кыргызстанда, Пакистанда, Өзбекстанда, Кытайда жана Ооганстанда да сезилген.

23-февралда түнкү саат бирде Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон.