Royal
SerepTV Logo

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн шектүү кармалды

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн шектүү кармалды
Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет мамлекеттин 1982-жылы туулган жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон. Жаран 2022-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган. Кармалган шектүү жасалма паспорт алып, андан кийин САРдын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды. Азыркы учурда УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагындагы анын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="168317,168318"]