Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып бара жаткан Өзбек жараны кармалды (видео)
27-мартта “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Чек арачылар 1979-жылы туулган Өзбек жаранын кармашкан. Ал Кыргызстандан Өзбекстанга өтмөк. Анын баштыгынан 13 тыйын чычкан табылган жана аларга тийиштүү документи болгон эмес.