Abank
SerepTV Logo

Кыргызстанда 14 адамды 77 миллион сомго алдап кеткен делген жаран Польшада колго түштү

Кыргызстанда 14 адамды 77 миллион сомго алдап кеткен делген жаран Польшада колго түштү
Кыргызстанда 14 адамды алдап кетүүгө шектелген жаран Польшада кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Башкы прокуратура 14 жаранга карата 77 миллион сомдук зыян келтирип, алдамчылык фактысы менен айыпталган жаранды Польшадан экстрадициялоо боюнча аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги жана Улуттук прокуратурасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Жыйынтыгында, 1-декабрь күнү айыпталуучу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алып келинди. Айыпталуучуга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал Польша мамлекетинде Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.