Royal
SerepTV Logo

«Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкеринин өлүмү боюнча милиция маалымат берди

«Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкеринин өлүмү боюнча милиция маалымат берди
Чүй облустук милициясы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкеринин өлүмү тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 26-ноябрда Жайыл РИИБге Бишкек-Ош жолунун 129-чакырымына жакын жердеги суицид тууралуу маалымат түшкөн. Кызматкерлер жерине барып, Бишкек-Ош унаа жолунун жанынан ЖТИнин имаратында асынып турган, 20-25 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун 2020-жылдан бери №9 ЖТИде ишкананын мастери болуп иштеген жаран экени аныкталган.  Аталган факты ошол эле күнү катталып, тергөө иштери башталган. Маркумдун денесин кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.