Royal
SerepTV Logo

"Күйөөмдүн кордугуна чыдабай, эмчектеги кызым менен качып кеткем" дейт балдарын көрө албай жаткан эне (видео)

"Күйөөмдүн кордугуна чыдабай, эмчектеги кызым менен качып кеткем" дейт балдарын көрө албай жаткан эне (видео)
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 25 жаштагы Зуура Тороева 2021-жылдан бери өзүнүн кызы менен уулун көрө албай жатканын айтты. "Күйөөм УКМКнын кызматкери. 19 жашымда турмуш кургам. Учурда 3 балам бар. Улуусу кыз, андан кийин уулум жана кызым бар. 2021-жылы жолдошумдун сабаганына чыдабай, эмчектеги кызым менен үйдөн качып кеткем. Ошондон бери уулум менен кызымды жолдошум көрсөтпөй келет. Эң кичүү кызымды балам көрө элек. Жолдошум күндө ичет. Ал балдарды карай алабы? Кызым чоңоюп калды. Аны жуунтуш керек, караш керек. Ошонун баарын атасы кылабы? Мен балдарга, балдар мага керек. Менде мени ур-токмокко алгандагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы да бар. Бирок ишти 6 айдан кийин жаап коюшту. Азыр мен ажыраша да, балдарымды көрө албай да жүрөм",- дейт эне.