Коомдук бирикменин төрагасы жергиликтүү соттун төрагасынан акча алып жаткан жеринен кармалды
Коомдук бирикменин төрагасы жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
3-октябрда пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, "Элдик Көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Такталгандай, кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Болбосо, бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан.
Кармалган жаран алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, жарандын кызыкчылыгына иш алып жасалма ойдон чыгарылган арыз алган. Тергөө иштери жүрүп жатат.