Abank
SerepTV Logo

Көл жээгинен жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү такталып, сөөгүн айылына алып кетишти

Көл жээгинен жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү такталып, сөөгүн айылына алып кетишти
Буга чейин Ысык-Көл ОИИБ маалымат таратып, Тоң районундагы Ысык-Көлдүн жээгинен адамдын жансыз денеси табылганын билдиришкен.
  • Аны жергиликтүү тургундар тапкан. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча анын денесинде тактар байкалган эмес. Милиция кыздын жакындарын издеп жатат. Анын жансыз денеси учурда райондогу өлүкканада жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган соң, өлүмүнүн себеби аныкталат.
Милиция тарабынан Кең-Сай аймагында табылган жансыз дененин өздүгү аныкталып, туугандары табылган. "Ал 41 жаштагы аял болуп чыкты. Туугандары тарабынан жансыз дене таанылып, айылга алып кетишти",- дешти.