Royal
SerepTV Logo

Кочкордо кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен делген айдоочу кармалды

Кочкордо кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен делген айдоочу кармалды
Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Кечээ, 5-январда саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Арал жолунун 22-чакырымында айдоочу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 35-40 жаш чамасындагы жаран окуя болгон жерден көз жумган. Бул факты боюнча издөө иш-чараларын жүрүп, кылмышка шектүү катары, Schmitz PR 24 (Howo) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган айдоочусун кармашып, Тергөө кызматына өткөрүп беришти.