Royal
SerepTV Logo

Кочкордо 38 жаштагы жаран ооруканада көз жумду. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Кочкордо 38 жаштагы жаран ооруканада көз жумду. Кылмышка шектүүлөр кармалды
20-октябрда Кочкор айылында 1984-жылы туулган жаранды унаа сүзүп кеткен. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей, аны белгисиз жарандар Кочкор райондук ооруканасына жеткиришкен. Жабырлануучу ооруканада көз жумган. Кылмышка шектелип Ауди-100 унаасынын 1994-жылы туулган айдоочусу жана 1993-жылы туулган эки жүргүнчүсү кармалган. Тергөө уланууда.