Abank
SerepTV Logo

Кербендеги өрт чыккан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды

Кербендеги өрт чыккан ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды
Бүгүн, 13-мартта Аксы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыккан. ӨКМ 4 өрт өчүрүүчү бөлүп иштеп жатканын билдирди. Жерине саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жөнөп кетти. Министрликтен реанимация, төрөт, хирургия, балдар бөлүмүнөн 134 бейтап эвакуацияланганын айтышты.