Abank
SerepTV Logo

Казакстандагы жол кырсыкта 31 жаштагы Кыргыз жараны көз жумду

Казакстандагы жол кырсыкта 31 жаштагы Кыргыз жараны көз жумду
Казакстандын Актөбө облусундагы унаа жолдо адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталды. Бул тууралуу Polisia.kz жазды. Маалыматка караганда, кечээ, 14-сентябрда Самара-Шымкент жолунда жол кырсык катталган. ВАЗ 2105 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кыргыз жараны рулга ээ боло албай, жолдун жээгине чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 31 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Маркум дагы Кыргыз жараны. Ал эми айдоочу ооруканага жеткирилген. Аталган факты боюнча тергөө башталды.