Royal
SerepTV Logo

Казакстанда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, кыргызстандык аял көз жумду

Казакстанда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, кыргызстандык аял көз жумду
Казакстанда жол кырсыгы катталып, 62 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты. Маалыматка караганда, жол кырсык Екатеринбург-Алматы унаа жолунун 922-чакырымында катталган. Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын 64 жаштагы айдоочусу (Кыргыз жараны) алдындагы унаадан өтөм деп каршы тилкеге чыкканда оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Аны 55 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 62 жаштагы кыргызстандык аял көз жумган. Ал эми айдоочу ооруканага жеткирилген. Ошол эле унаадагы 2005 жана 2019-жылы туулган жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Тергөө башталган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="163101,163102"]