SerepTV Logo

Караколдо жарым жылда 18 батирге ууру кирген. Шектүү кармалды

Караколдо жарым жылда 18 батирге ууру кирген. Шектүү кармалды
Каракол шаарында бир катар батирге уурулукка кирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кылмышка шектелип Нарын облусунун тургуну, убактылуу Каракол шаарында жашаган 43 жаштагы жаран кармалган. "Мунун баары өткөн жылдын октябрь айында башталган. Каракол шаарында батирдик уурдоо фактылары күчөп, ал боюнча көптөгөн арыздар шаардык милицияда каттала баштаган. Белгисиз жарандар жабырлануучулардын турак жайларына киришип, негизинен тиричилик техникаларын, баалуу буюмдарды жана ар кандай үй эмеректерин уурдап кетишкенин айтышкан. Кылмышка шектүүнүн изине түшүү үчүн, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлерине дээрлик жарым жыл талап кылынды. Козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган жарандын жана анын тааныштарынын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда уурдалган 40тан ашык буюм табылып алынды, алардын бир бөлүгү жабыркаган арыз ээлери тарабынан танылып чыкты. Бүгүнкү күнгө Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан шектүүнүн 18 батирдик уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган",- деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="175741,175742,175743,175744,175745"]