Abank
SerepTV Logo

Караколдо эгиздерден акча опузалаган деген 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Караколдо эгиздерден акча опузалаган деген 17 жаштагы өспүрүм кармалды
Каракол шаарында 17 жаштагы өспүрүм опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 13-сентябрда Каракол ШИИБге Талды-Суу айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында 9-сентябрдан бери андан жана эгизинен бейтааныш бала 5 миң сом акча каражатын опузалап жатканын билдирген. Аталган факты Каракол ШИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, Каракол шаарынын 17 жаштагы тургуну кармалды. Кармалган кылмышка шектүү жаран өспүрүм болгондуктан, мыйзамдуу өкүлү энесинин катышуусунда алгачкы сурак жүргүзүү учурунда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.