Караколдо бир түндө 2 аялдын өлтүрүлүшү. Кылмыш иш сотко жөнөтүлөт
14-сентябрда Караколдо киши колдуу болгон эки аялдын жансыз денеси табылган. Кылмыш иш боюнча шектүүгө айып тагылган. Тергөө аягына чыгары аз калды жана жакынкы аралыкта сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
- Каракол ШИИБге Кашка-Суу кичи районундагы үйлөрдүн биринде 2 аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын жансыз денесин кароо учурунда бычакталганы аныкталган. Алар 1965 жана 1966-жылы туулган жарандар болгон. Ошондой эле кылмыш болгон жерде бычак табылган. Кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган жаран кармалган. Анын үйүнөн кара куурайдын суюктугу табылган.