Royal
SerepTV Logo

Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз алып чыгуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз алып чыгуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты
Нарын облусунун Жумгал районунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, 7-декабрда "Мики Чор" жана «Саяк» каймана аты бар Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган. Ошентип, алар 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен. Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.