Кадамжайда 8 киши "курма сатып берем" деген жаранга алданып калышкан. Шектүү кармалды
Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын ноябрь айында "курма сатып берем" деп алып кетип, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн 8 арыз менен кайрылышкан. Арызданган жарандарга жалпысынан 82 миң 700 сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бул арыздар Кадамжай РИИБге Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Аксы районунун 43 жаштагы тургуну Аксы районунан кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү мурда да алдамчылык кылмышы менен сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болгон. Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.