Кадамжайда үй өрттөнүп, 3 адам жабыркады
Кадамжай районундагы Чавай айылында жайгашкан 4 бөлмөлүү үй өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, үйдүн ичиндеги үй эмеректери толугу менен күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Өрттүн себеби такталып жатат.