SerepTV Logo

Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды
Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 2022-жылдын июль айларында аккумуляторлор жоголуп, беш уурулук фактысы, тактап айтканда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү жаранды издөө иштери башталган. Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 4-апрель күнү Масалиев айыл аймагынын тургуну болгон мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы жаран аныкталып кармалып, тергөө кызматына камсыздалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.