Royal
SerepTV Logo

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа айдоочусу менен коктуга түшүп кеткен

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа айдоочусу менен коктуга түшүп кеткен
Кадамжай районундагы Раззаков-Интернационал-Максат унаа жолунун 50-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Маалыматка караганда, унаа коктуга түшүп кеткен. Жерине Урал унаасы менен 3 куткаруучу, "Тазалык" ишканасынан экскаватор тартылып унааны сүйрөп, жолго чыгарып беришкен.