Abank
SerepTV Logo

Кадамжайда бычакталган жаран ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Кадамжайда бычакталган жаран ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды
Кадамжайда бычактан жаракат алган жаран ооруканага кайрылган. Шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы тургуну денесинен миздүү нерседен жараат алып, аймактык ооруканага түшкөндүгүн билдирип, 16-март күнү саат 22:45 чамасында милицияга маалымат түшөт. Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери жүрө баштайт. Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмү тарабынан иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Үч-Коргон айылында кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Масалиев айылынын 33 жаштагы тургуну аныкталып, кармалган. Азыркы күндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.