SerepTV Logo

Кадамжайда "Алмаз" тойканасынан уулангандардын саны 108ге жетти

Кадамжайда "Алмаз" тойканасынан уулангандардын саны 108ге жетти
Кадамжай районундагы "Алмаз" тойканасынан уулангандардын саны 108 болду. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан кабарлашты. "Бүгүн, 2-августка карата тойканадагы тамактан уулангандардын саны 108ге жетти. Алардын ичинен 23ү (2 жаш бала) азыркы учурда стационардык дарыланууда, 85 пациент (1 жаш бала) амбулатордук дарыланууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, реанимация бөлүмүндөгү 2 жаш баланын абалы жакшырып, инфекция бөлүмүнө жайгаштырылды", - деп билдирет басма сөз кызматы. Эске салсак, 30-июлда Кадамжайдагы "Алмаз" тойканасында 250 адамды чогулткан үйлөнүү той болуп, анын кесепетинен тойго барган 89 адам тамактан ууланганы маалымдалган.