Royal
SerepTV Logo

Кадамжайда 38 жаштагы келиндин жансыз денеси дарыя жээгинен табылды

Кадамжайда 38 жаштагы келиндин жансыз денеси дарыя жээгинен табылды
Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынан өткөн Исфайрам дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Ал жерге куткаруучулар тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген. Маркумдун 1984-жылы туулган аял экендиги аныкталды.