Буга чейин да, тактап айтканда февраль айында УКМКдан журналисттин экстремисттик материалдарды жайылтуу фактысы боюнча атайын кызматка жеткирилгенин маалымдашкан. Ал сурак берген соң чыгарылган болчу.
Журналист Семетей Талас уулу камакка алынды
Кечээ, 1-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине журналист Семетей Талас уулун милиция кармап кеткенин жубайы билдирген. Ал өзү дагы Фейсбуктагы баракчасына ИИМден барышканын, Тергөө комитетине бара жатканын жазган. ИИМ маалымат бере элек.
Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова анын 48 саатка камакка алынганын билдирди. Анын айтымында, ал экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө.