Royal
SerepTV Logo

Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатат

Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатат

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Семетей Талас уулу өзүнүн баракчасына экстремисттик материалды камтыган пост жазган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 322-беренеси менен кылмыш иши козголду. Лингвистикалык эспертиза дайындалган, анын корутундусуна ылайык, постто Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна байланыштуу маалыматтар бар экени аныкталган. 8-октябрда иш ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген. 1-ноябрда журналист ИИМге жеткирилди. Тергөө уланууда.