Royal
SerepTV Logo

"Жөн эле тургам". Токмок шаарында 35 жаштагы аял кошуналарын дүрбөттү

"Жөн эле тургам". Токмок шаарында 35 жаштагы аял кошуналарын дүрбөттү
13-сентябрда Токмок ШИИБге шаардагы Жантаев көчөсүндөгү үйдүн 5-кабатынан аял кишинин боюн таштаганы жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Жерине барган милиция 1987-жылы туулган аялдын мас абалында терезесинде турганын аныкташкан. Аял жөн эле терезеде турганын айткан. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш жабылган.