Royal
SerepTV Logo

Жарандык активист Илгиз Шаменов камакта калтырылды

Жарандык активист Илгиз Шаменов камакта калтырылды
Москвадан алып келинген жарандык активист Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Буга чейин Илгиз Шаменов социалдык тармактагы баракчасына мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен Москвада кармалганын жазган. 29-октябрда Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.