Royal
SerepTV Logo

Жаранды топ кишилер кармап алып, суракка алган видео тарады. Милиция окуя боюнча маалымат берди

Жаранды топ кишилер кармап алып, суракка алган видео тарады. Милиция окуя боюнча маалымат берди
Социалдык тармактарда тургундар жаранды кармап алып, суракка алып жаткан видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. "Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнүн аймагында буга чейин бир нече мал уурулук фактылары катталып, иликтөөдө Өзбекстандын аймагына өтүп кеткендиги такталган. Бул сыяктуу көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жергиликтүү тургундардан ыктыярчылар түзүлүп, милиция кызматкерлери менен биргеликте кайгуул жүргүзүлүп жаткан. 12-сентябрда ыктыярчы айыл тургундары айылда жүргөн чоочун кишини кармашып, видеодо көрүнүп турган учур орун алган жана мыйзам чегинде териштирүү үчүн РИИБге жеткирилген. Учурда аты аталган жарандар аныкталып, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Кылмыш ишинин жүрүшү жана жыйынтыктары боюнча кошумча маалымат берилет", - дешти облустук милициядан.