Жалал-Абаддагы жигиттердин боулинг оюну ызы-чуу менен аяктаган. Шектүүлөр кармалды
Жалал-Абадда каракчылыкка шектелип 5 жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
7-декабрь күнү саат 22:00 чамаларда Базар-Коргон районунун 20 жана 19 жаштагы 4 тургуну Жалал-Абад шаарындагы боулинг ойноочу жайында ойноп жаткан учурда ошол жерди иштеткен Сыймык аттуу жаран шериктери менен уруп тепкилешип, бычак такап коркутушуп, жалпы баасы 50 миң сомдук 3 телефон, 2400 сом накталай акчасын жана спорттук кийимин карактап алып коюшкан.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун 5 тургуну кармалган. Алар Талды-Булак айыл аймагынын тургундары экени такталып, далил буюмдар алынган.
Шектүүлөр Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 13-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="162929,162930,162931,162932,162933,162934"]