Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок чыгарган жаран милицияга жеткирилди (видео)

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок чыгарган жаран милицияга жеткирилди (видео)
Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 19-февраль күнү той учурунда жүрүп бара жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгаргандыгы боюнча видео тараган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну экендиги такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, БМВ үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн өзүнө таандык Сайга МК-01 ок атуучу куралынан асманга 10 ок чыгаргандыгы белгилүү болгон. Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="164959,164960"]