Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абадда пара талап кылууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Жалал-Абадда пара талап кылууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды
Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты Жалал-Абад облусунда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну кармалган. Жаран физикалык күч колдонуу коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. "Кармалган жаран рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган. Мурда ал ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун каттоосунда турган",- деп айтылат маалыматта.