Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абадда дөңгөлөк уурдоого шектүүлөр кармалды

Жалал-Абадда дөңгөлөк уурдоого шектүүлөр кармалды
Милицияга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 23-ноябрга караган түнү Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү автоунаасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Ушундай эле арыз менен шаардын дагы 6 тургуну милицияга кайрылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Бул окуялар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын 1998-жылы туулган эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="150816,150817,150818,150819,150820"]