Жалал-Абадда атасына таарынган жигит өзүн аткан. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат
Жалал-Абадда атасына таарынган жигит өзүн-өзү өлтүрүү максатында ээгинин асты жагына бир жолу өзүн-өзү аткан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
31-август күнү саат 11:00 чамасында Кара-Көл шаарынын 1995-жылы туулган тургуну 1973-жылы туулган атасы менен өз ара пикир келишпестиктин айынан, тактап айтканда, “эмне себептен спирт ичимдигин ичип алдың” деп тилдеп, үйдүн сыртына чыгып кеткен учурда атасына таандык болгон темир сандыкта сакталып турган (мыйзамдуу) сайсыз ок атуучу куралын жана огун алып октоп, ошол эле бөлмөдө өзүн-өзү өлтүрүү максатында ээгинин асты жагынан бир жолу өзүн-өзү аткан. Анын кесепетинен жигит денесинен оор жараат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жогорудагы факты боюнча, атасы эч кимге эч кандай арыз дооматы жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Бул факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда, атасына таандык сайсыз ок атуучу курал, колдонулган патрону жана ок атууга жарактуу болгон 14 даана патрондор, далил буюм катары алынган.