Royal
SerepTV Logo

Ноокенде сайдан табылган жансыз дене 19 жаштагы кыз экендиги аныкталды. Ал киши колдуу болгон

Ноокенде сайдан табылган жансыз дене 19 жаштагы кыз экендиги аныкталды. Ал киши колдуу болгон
Кечээ, 8-ноябрь күнү Ноокен РИИБдин "102" кызматына ошол эле райондун тургуну телефон чалып, Масы айылындагы "Алаш" сайында 25-30 чамасында кыз кишинин жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Окуя болгон Ноокен РИИБдин тергөө ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулуп, РИИБге катталган. Жансыз денеге соттук-медициналык тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала текшерүү иштери учурунда кыз киши колдуу болгондугу, маркум Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.