Ноокенде сөөгү сайдан табылган 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды
Жансыз денеси Ноокенден табылган жаш кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
- 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.