SerepTV Logo

Жалал-Абадда 19 жаштагы жигитти бычак менен коркуткандар кармалды

Жалал-Абадда 19 жаштагы жигитти бычак менен коркуткандар кармалды
Жалал-Абад облустук милициясы каракчылыкка шектелген эки жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Жалал-Абад облустук милициясына 2004-жылы туулган Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 20-мартта саат 17:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын "Айгүл" соода борборунун алдында өзүнө бейтааныш болгон 18-25 жаштар чамасындагы эки бала колундагы бычагын көрсөтүп коркутуп, базар баасы 40 миӊ сомдук Айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефонунун тартып алганын билдирген. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ОИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон Сузак районунун 2002-жылы туулган жана Жалал-Абад шаарынын 2003-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174134,174135"]