Royal
SerepTV Logo

Жайылда ооруканада каза болгон кыз. Милиция териштирүү иштерин баштады

Жайылда ооруканада каза болгон кыз. Милиция териштирүү иштерин баштады
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова Жайылда ооруканада 6 жаштагы кыздын каза болгонун билдирген. Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашеванын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн жана салмагы 12 килограмм гана болгонун айткан. Окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 15-январда Жайыл РИИБге ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 2016-жылы туулган жарандын жандандыруу бөлүмүндө каза болгону айтылган. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Учурда окуянын бардык жагдайдары текшерилип жатат.