Royal
SerepTV Logo

Жайлоодогу жылкыларды уурдоого шектүүлөр кармалды

Жайлоодогу жылкыларды уурдоого шектүүлөр кармалды
Жайлоодо жылкылар уурдалган. Шектүүлөр Москва районунда кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2022-жылдын август айында Кара-Суу жайлоосунан жарандар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Аталган окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 1977 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.