Abank
SerepTV Logo

Ингушетияда эл аралык издөөгө алынган жаран Ошто кармалды

Ингушетияда эл аралык издөөгө алынган жаран Ошто кармалды
Эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 9-мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери Ош шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын 1995-жылы туулган жаранын кармашты. Ал Ингушетия Республикасынын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган. 2023-жылдын 11-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камалды.