Abank
SerepTV Logo

"Ичиндеги акчаны алып, сууга ыргытып жиберишкен". Бишкекте сейф уурдап жаткандар видеого түшүп калышкан

"Ичиндеги акчаны алып, сууга ыргытып жиберишкен". Бишкекте сейф уурдап жаткандар видеого түшүп калышкан
Бишкекте милиция уурулукка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 23-февралда Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 22-февралда бухгалтердин кабинетине кирип, 30 миң сомдук темир сейфин ичиндеги 33 миң 200 доллары, документтери менен уурдап кеткен жаранды табууну суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1994, 1998, 2001-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Далил катары 31 миң 700 даллар табылган. Ал эми темир сейф Чоң Чүй каналынан чыгарылган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)