Royal
SerepTV Logo

"Эс-учун жоготуп, жатып калгыча сабаган". Бишкекте 21 жаштагы жигит кармалды

"Эс-учун жоготуп, жатып калгыча сабаган". Бишкекте 21 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте жаранды ур-токмокко алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 27-сентябрда саат 04:35 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Бишкектеги Байтик Баатыр менен Медеров көчөсүндө эс-учун жоготуп жаткан жаран тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери кароо жүргүзгөн учурда анын денесинде жаракаттар көп болгон. Жабырлануучу 4 ооруканага жеткирилген. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынган.