SerepTV Logo

"Эки унаа сүзгөн". Токмоктогу жол кырсыкта 6 жаштагы бала көз жумду

"Эки унаа сүзгөн". Токмоктогу жол кырсыкта 6 жаштагы бала көз жумду
Чүйдө жол кырсыктан адам өлүмү катталды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя 7-август күнү болжол менен саат 18:30 Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 58-чакырымындагы "Гавайи" кафесинин тушунда катталган. 2016-жылы туулган бала жолго чуркап чыга калган. Аны 2002-жылы туулган жигиттин башкаруусундагы Хонда Стэпвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткенден кийин ыргып кетип, капталында келе жаткан Кио Рио үлгүсүндөгү унаага урулган. 6 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган.