Royal
SerepTV Logo

"Денеси көгала". Ошто 1 жашар наристесин бакчадан алып кетүүгө барган эне ооруканага кайрылган

"Денеси көгала". Ошто 1 жашар наристесин бакчадан алып кетүүгө барган эне ооруканага кайрылган
Ошто 1 жаштагы наристе денесинен жаракат алып, Ош облустар аралык балдар ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 6-сентябрь күнү Ош шаарынын Кулатов кичи районунун 2021-жылы туулган тургуну “Карагат” аталыштагы менчик балдар бакчасында денесинен жаракат алып, Ош облустар аралык балдар ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде текшерүү иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө денесинен жаракат алган баланын 1995-жылы туулган апасы күбө катары сурак кылган учурда, баласы эки айдан бери жогоруда аталган балдар бакчасында тарбияланып жаткандыгын жана 5-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында баласын алып кетүү үчүн барганда, баласынын денесинде көк тактарды байкагандыгын билдирген. Ал эми балдар бакчанын директору 1993-жылы туулган жаран окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирген. 5-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында баланы орто тайпада окуган кыз уруп койгонун айткан. Андан тышкары окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда окуянын видеотасмасы алынган жана аталган балдар бакчада эмгектенген кызматкерлери күбө катары суралууда. Азыркы учурда 2021-жылы туулган балага карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, бардык тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.