Royal
SerepTV Logo

Чүйдөгү тамактануучу жайдын күзөтчүсүн далыга аткан шектүү кармалды

Чүйдөгү тамактануучу жайдын күзөтчүсүн далыга аткан шектүү кармалды
Ысык-Ата районундагы “Империя пиццы” кафесинде ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 29-январь күнү Ысык-Ата РИИБге Кант шаарында жайгашкан “Империя пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. 29-январь күнү саат 05:50 чамасында 30-40 жаштагы белгисиз адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, травматикалык тапанча менен бул кафенин 2-кабатынан кафенин күзөтчүсү тарапка ок чыгарган. Кесепетинен күзөтчү сол далысынан жаракат алган. Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда күзөтчү өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок-желим (резиновый) окту өткөрүп берген. Ошондой эле кылмыш иштин алкагында экспертизалар дайындалган. Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="163817,163818"]