Royal
SerepTV Logo

Чүйдөгү жол кырсык эне менен анын 2 жаштагы баласынын өмүрүн алды

Чүйдөгү жол кырсык эне менен анын 2 жаштагы баласынын өмүрүн алды
Кечээ, 23-сентябрда Чүйдө жол кырсыгы катталып 2 адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Саат 19:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 93-чакырымында Мерседес Спринтер 412 үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Жаңы-Алыш айылынын жөө жүргүнчүлөрүн сүзүп кеткен. Кесепетинен 40 жаштагы аял 2 жаштагы баласы менен көз жумган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жерде жөө адамдар өтө турган чийин болгон эмес.